"Кырсык эскиликтен эмес, тейлөөдөн": TezJet компаниясы тейлөөдөн ката кетирдиби?

Учак

Сүрөттүн булагы, Social

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

TezJet компаниясынын кырсыкка кабылган учагы боюнча Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги териштирүү жүргүзүүдө. Учурда компаниянын бардык каттамдары убактылуу токтотулганын "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

"Кечээ, TezJet авиакомпаниясынын учагына байланыштуу окуядан кийин аэропорт өз ишин толугу менен убактылуу токтоткон. Ишмердүүлүк бүгүн, эртең мененки саат 9:00дө кайра жанданды. Кечигип калган, токтотулган бардык каттамдар жана башка аэропортторго багытталган учактар азыр кайра кайтып келе баштады. Авиакомпаниялар жаңы учуу графигин түзүп жатышат. Учактарды кабыл алып, кайра учууга чыгара баштадык. Кечээки окуя боюнча Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги ички иликтөө жүргүзүп жатат. Анын жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына жана коомчулукка маалымат берилет. Азырынча TezJet компаниясынын бардык каттамдары убактылуу токтотулду. Комиссиянын чечимин күтүшүбүз керек болот",- деди "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын коомдук байланыш бөлүмүнүн башчысы Алена Хоменко Би-Би-Сиге.

Окуядан кийин социалдык тармактарда TezJet компаниясынын учактарынын техникалык абалы, тейлөө сапаты жана жетекчилиги тууралуу талкуулар күчөдү. Айрымдар кырсыкка 1996-жылы чыгарылган McDonnell Douglas MD-83 үлгүсүндөгү учактын эскилиги себеп болгонун айтышса, башкалары компаниянын техникалык тейлөө кызматындагы кемчиликтер менен байланыштырууда.

"Кырсык чыккан жылына эмес, учактын техникалык тейлөөсүнө байланыштуу болот. Ар бир компания өз учагын техникалык жактан талапка ылайык тейлеп турса, алар 40-50 жыл уча берет. Учак жаңы болуп туруп деле техникалык коопсуздугу өз убагында көзөмөлдөнбөсө, ага кош көңүл мамиле жасалып, талаптагыдай тейленбесе, ушундай авариялар болушу мүмкүн. Бул чоң ката. Инцидент аба ырайына байланыштуу болсо бир жөн. Мисалы, туман түшүп, көрүнбөй калса ошого шылтап койсо болот эле. Бирок бул жерде окуя ачык аба ырайында, тегиз жерде болуп жатат да. Бул - техника ошол деңгээлге жеткирилген дегенди билдирет. Муну комиссия иликтеп, такташы керек",- деди ишмердүүлүгүн токтоткон "Эсен Эйр" компаниясынын мурдагы президенти Бегалы Наргозуев.

Кырсыкка байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова дагы өз пикирин билдирип, компанияны кескин сынга алды:

"Эгер шассиси учуп чыккандан кийин сынып калса эмне болмок? Бул абдан кооптуу жагдай. "Кудай сактаптыр" деп эле жашай берүүгө болбойт. Ошол компаниянын жетекчилерин тез арада жоопкерчиликке тартуу керек. Ар бир учагын текшерүү зарыл. Техникалык жактан уруксат берген орган дагы буга жооп бериши керек".

TezJet компаниясынын өкүлдөрү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Бирок жергиликтүү медиалар компания жүргүнчүлөрдөн келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сураганын жазышты. Компания бардык жүргүнчүлөргө керектүү колдоо көрсөтүлүп жатканын билдирген.

TezJet компаниясы кыргыз саясатында белгилүү Бактыбек Сыдыковдун үй-бүлөсүнө тиешеси бар экени айтылып келет. Сыдыков эки жолу Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ал 2025-жылдагы парламенттик шайлоодо №13 округдан талапкер катары ат салышкан. Бирок анын талапкерлиги мыйзам бузганы үчүн жокко чыгарылган. Ошондой эле ал "Манас" эл аралык аэропортунун президенти болуп иштеген. Бактыбек Сыдыков президенттин мурдагы администрация башчысы Үсөн Сыдыковдун уулу.

7-июлда TezJet компаниясына таандык McDonnell Douglas MD-83 учагы учууга даярданып, күүлөнгөн маалда сол шассисинин таянычы сынып, бүктөлүп калган. Учак сол капталына кулаган. Бортто 181 жүргүнчү, 2 учкуч жана 4 борт коштоочу болгон. Олуттуу жаракат алгандар болгон эмес.