"Жооп болот". Киевдеги жапырт чабуулдан каза болгондор 30 кишиге жетти

Сүрөттүн булагы, Reuters
Бейшембиге караган түнү Орусия Киевди көздөй эң ири чабуул жасап, андан 30 киши мүрт кетип, жүздөй жаран түрдүү жарааттарды алышты.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы орусиялык соккудан жарым-жартылай талкаланган үйдүн урандыларынын астынан дагы үч адамдын сөөгү табылганын билдирди. Ошентип, каза болгондордун жалпы саны 30га жетти.
"Дарница районундагы участоктордун биринде урандыларды тазалоо жана адамдарды издөө иштери дагы эле уланууда. Бир гана ушул жерден 5 адамдын сөөгү табылды, дагы 8 адам менен байланыш жок", - деп жазды шаардык аскердик администрациянын башчысы Тимур Ткаченко Телеграм каналында.
Киевдин мэри Виталий Кличко орусиянын дрондор жана ракеталар менен жасаган акыркы аткылоосун борбор калаага жасалган "эң ири чабуул" деп атады.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын лидери Владимир Путиндин фронтто жана экономикада көйгөйлөрү бар экенин, ошондуктан ал Украинага жасалган соккуларды күчөтөрүн билдирди.
"Путин согушта жеңилип жатат, анын фронтто да, экономикада да көйгөйлөрү бар. Ал Украинага, өзгөчө баллистикалык ракеталар менен сокку урууну ого бетер күчөтөрү айдан ачык", — деди Зеленский Киевдин Дарница районундагы орусиялык сокку болгон жерге барганда журналисттерге.
Зеленскийдин айтымында, Орусия Украинага ар бир сокку урган сайын ракеталардын саны көбөйүүдө.
Журналисттердин Киев тараптан жооп болобу деген суроосуна Зеленский: "Албетте", - деп жооп берди.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Орусиянын Киевге жасаган ири чабуулун айыптап, ок атууну дароо токтотууну талап кылды.
"Тынч тургундарга жана жарандык инфраструктурага жасалган кол салуулар кайда болбосун, эл аралык гуманитардык укуктун одоно бузулушу болуп саналат жана токтоосуз түрдө токтотулушу керек. Баш катчы ок атууну толук, дароо жана эч шартсыз токтотууга кайрадан чакырат", — деп билдирди баш катчынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик.
Бейшембиге караган түнү аба чабуулу тууралуу сиреналар жаңыргандан кийин жашоочулар, коопсуздук үчүн метро станцияларында баш калкалоого аргасыз болушту.
Чабуулдун натыйжасында шаар боюнча 30дай жерде кыйроо болгон. Киевде 3-июль аза күтүү күнү деп жарыяланды.
Шаршембиден бейшембиге караган түнү орус аскерлери Украинанын аймагына 74 ракета жана 496 учкучсуз учак менен чабуул жасаганын Украинанын Куралдуу күчтөрү билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, абадан коргонуу күчтөрү тарабынан 524 бута - ар түрдүү типтеги 48 ракета жана 476 учкучсуз учак атып түшүрүлгөн же зыянсыздандырылган.
"Массалык чабуулдун өзгөчөлүгү - абадан кол салуу каражаттарынын ар түрдүү типтерин ар кайсы багыттан бир убакта колдонуу, баллистикалык ракеталардын жана реактивдүү учкучсуз учактардын көп санын пайдалануу болду", - деп айтылат билдирүүдө.
Орусиянын Коргоо министрлиги Украинага жасалган жапырт соккуну ырастады. Мекеменин билдирүүсүндө массалык сокку абадан, жерден жана деңизден учурулуучу куралдар, ошондой эле учкучсуз учактар аркылуу жасалганы айтылат. Орусиянын Коргоо министрлиги чабуулдун натыйжасында Киевдеги жана анын облусундагы Украинанын аскердик-өнөр жай комплексинин ишканалары, энергетикалык объектилери, ошондой эле Днепропетровск, Полтава, Черкассы, Чернигов жана Киев облустарындагы аскердик аэродромдордун инфраструктурасы талкаланганын ырастоодо.
































