Трамп Иран менен сүйлөшүүлөр жакынкы күндөрү кайрадан башталышы мүмкүн экенин билдирди

вава

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Окуу убактысы: 3 мүнөт

АКШ президенти Дональд Трамп шейшемби күнү кечинде Тегеран менен сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы жакынкы эки күндө өтүшү мүмкүн экенин айтты. Пакистандын борбору Исламабадда дем алыш күндөрү өткөн консультациялардын биринчи айлампасы ийгиликсиз аяктаган.

"Жакынкы эки күндө бир нерсе болушу мүмкүн жана биз ал жакка барууга көбүрөөк ыктап жатабыз", - деди Трамп New York Post басылмасына берген телефондук маегинде.

Буга чейин Пакистандын жогорку кызматтагы булактары AFP агенттигине билдиришкендей, өлкө бийлиги Вашингтон менен Тегерандын өкүлдөрүн кайрадан жолугуштуруунун жана азыркы эки жумалык ок атышууну токтотуу режимин узартуунун үстүндө иштеп жатышат.

Associated Press агенттигине берген маегинде Пакистандын каржы министри Мухаммад Аурангзеб да Пакистан жетекчилиги АКШ менен Ирандын ортосундагы диалогго көмөктөшүү аракеттерин улантып жатканын билдирди. Ал ишемби күнү Исламабадда өткөн жолугушуу эки өлкөнүн ортосундагы акыркы 50 жылдагы алгачкы түз сүйлөшүү болгонун эске салды.

"Биз диалогду уланта аларыбызды абдан билгибиз келет. Биз аракеттерибизди улантабыз жана биздин жетекчилик муну менен алектенип жатат", - деди ал Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банктын жыйындарынын алкагында.

CNN телекомпаниясынын булактарынын маалыматы боюнча, Тегеран менен өтүүчү экинчи айлампага кайрадан АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс, ошондой эле Дональд Трамптын атайын чабармандары Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер катышат. Алар дем алыш күндөрү Исламабадда ирандык расмий өкүлдөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Трамп согуштан чыгуунун дипломатиялык жолун табууну тапшырган жана бул милдетти аткарууда аларга ишеним артууну улантууда деп билдирди CNN булактары.

Администрация өкүлдөрү мүмкүн болгон жолугушуунун чоо-жайын талкуулап жатышканы кабарланууда, бирок шейшемби күнү кечиндеги абалга караганда, анын ишке ашар-албасы белгисиз бойдон калган. Иран да жолугушууга даярдык көрүлүп жатканын азырынча тастыктай элек.

"Келечектеги сүйлөшүүлөр талкууланып жатат, бирок учурда эч нерсе пландала элек", — деп билдирди CNNге америкалык аткаминерлердин бири.

Жей Ди Вэнс өзү кийинчерээк Иран менен болгон сүйлөшүүлөр боюнча оптимизмин билдирип, биринчи айлампа ийгиликсиз болгонуна карабастан, дипломатиялык аракеттерди улантуу ниетин айтты.

Вэнстин айтымында, сүйлөшүүчүлөр өткөн дем алыш күндөрү Пакистанда "чоң ийгиликтерге жетишти", бирок Дональд Трамп Иран менен "анча-мынча келишимди" эмес, "Трамп стилиндеги улуу келишимди" түзүүнү каалайт.

Вэнс белгилегендей, президент Ирандын өзөктүк курал жасашына же АКШ тарабынан террордук деп таанылган топторду каржылоосуна бөгөт коюуга умтулат. Бул үчүн санкциялар алынып салынышы мүмкүн, бул иран элине "гүлдөп-өнүгүүгө жана дүйнөлүк экономикага кошулууга" жардам берет.

"Мен мунун ишке ашышы үчүн күрөшүүнү улантам. Азыркы абалыбызга абдан ыраазымын", - деди Вэнс Turning Point USA иш-чарасында.

Ормуз кысыгында эмне болуп жатат?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Колдо бар маалыматтарга караганда, дүйшөмбү күнү америкалык блокада башталгандан бери бир нече кеме Ормуз кысыгынан өтүп, ирандык порттордон чыгып кетти.

Суу жолун өзү жаап салган Тегеран буга чейин АКШнын блокадасын "каракчылык актысы" деп атаган.

Ошол эле учурда, АКШ тарабынан ирандык портторду деңизден блокадага алуунун натыйжалуулугу киргизилгенден кийинки алгачкы суткада бүдөмүк бойдон калды.

Би-Би-Синин коопсуздук маселелери боюнча кабарчысы Фрэнк Гарднер муну даярдыктын жетишсиздиги жана транспондерлердин ишиндеги тоскоолдуктар менен түшүндүрдү.

BBC Verify бөлүмүнүн журналисттери талдаган кемелердин кыймылы боюнча маалыматтар шейшемби күнү Иранга байланышы бар кеминде төрт кеме (анын ичинде ирандык портторго барган экөө) кысыктан өткөнүн көрсөтүүдө.

Иранга тиешеси жок дагы үч кеме дүйшөмбү күнү түштөн кийин блокада башталгандан соң кысыктан өтүп бара жаткан жеринен байкалган.

Буга карабастан, АКШнын Борбордук командачылыгы алгачкы 24 саат ичинде бир дагы кеме блокададан өтпөгөнүн билдирип, бул операцияга 10 миңден ашык аскер кызматкери, ошондой эле ондогон согуштук кемелер жана учактар тартылганын кошумчалады.

Алты соода кемеси "америкалык күчтөрдүн көрсөтмөлөрүн" аткаргандан кийин артка бурулуп, ирандык портко кайтып келгени кабарланууда. BBC Verify талдаган маалыматтар Иранга байланышы бар эки кеме блокада киргизилгенден кийин кысыктан өтүп, багытын өзгөрткөнүн көрсөттү.

Wall Street Journal шейшемби күнү кечинде америкалык булактарга таянып, акыркы 24 саатта Ормуз кысыгынан 20дан ашык коммерциялык кеме өткөнүн кабарлады.

Кытай шейшемби күнү блокаданы "кооптуу жана жоопкерчиликсиз" деп атап, ал "чыңалууну күчөтүп, ансыз да морт болгон ок атышууну токтотуу келишимине доо кетирерин" эскертти.

Ошол эле учурда, Израил менен Ливан шейшемби күнү Вашингтондо түз сүйлөшүүлөрдү өткөрдү - эки өлкөнүн расмий өкүлдөрүнүн ортосундагы жолугушуу 1993-жылдан бери биринчи жолу өттү.

Америкалык администрациянын расмий өкүлдөрүнүн бири Би-Би-Сиге берген маегинде, Исламабаддагы АКШ-Иран сүйлөшүүлөрү менен Вашингтондогу Израил-Ливан сүйлөшүүлөрүнүн ортосунда эч кандай байланыш жок экенин айтты деп жазат Ак үйдөгү кабарчыбыз Бернд Дебусманн.